Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуНоокат району 02.08.2019 17:37 На русском

Ноокатта унаада бара жаткан жүргүнчү жолго кулап каза болду

Turmush -  Ноокатта жүрүп бара жаткан унаадан кулап кеткен жүргүнчү каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

31-июль күнү саат 12:00 чамасында Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүндө, тактап айтканда Караван—Төө-Моюн унаа жолунда Араван районунун 1997-жылы туулган тургуну И. уулу А. өзүнүн «Хундай Портер» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жаткан. Анда жүргүнчү катары бара жаткан Баткен районунун 1996-жылы туулган тургуну К.М. жерге кулап кетип, денесинен алган жаракаттын кесепетинен ооруканага жетпей каза болгон.

Аталган жол кырсык боюнча Ноокат РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тактоо, териштирүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×