Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуӨзгөн району 02.08.2019 18:15

Акимди айыптаган Өзгөн районунун тургунун айыл өкмөт башчы сотко берди. Видео

Turmush -  Өзгөн районунун Чаңгет айыл өкмөтүнүн башчысы Максүталы Ниязов аталган айыл өкмөттүн тургуну Төлөгөн Жолдошевди сотко берди. Бул тууралуу М.Ниязов өзү аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Төлөгөн Жолдошев аны негизсиз айыптап маалымат жыйын уюштурган.

«Кечээ, 1-август күнү биздин айыл өкмөттүн кадырлуу аксакалы Төлөгөн Жолдошев массалык маалымат каражаттары аркылуу жалган маалымат таратыптыр. Ильяз Жумабаев атындагы орто мектептин ашканасы боюнча айтсам, ага бөлүнгөн акча эч жакка иштетилбей эле турат. Анан көмүр карьери боюнча айтыптыр. Ооба, аны инвесторлорго бергенбиз. Ага миллиондогон инвестиция тартылган. Инвестициянын эсебинен көпүрө, жайытка жол курулду. Маалыматтарды айта берсе эле чын боло бербейт да. Ошондуктан мен жөнүндө жалган маалымат таратканы үчүн аны сотко бердим. Арызымды Өзгөн райондук сотуна жазып келдим», - деди М.Ниязов.

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылында 2,5 гектар айдоо жерди менчиктештиргенин жазган. Бул тууралуу кечээ, 1-августта Өзгөн районунун Чаңгет айыл өкмөтүнүн тургуну Төлөгөн Жолдошев АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирген.

«Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиевге өзүнүн иш бөлмөсүнө кирип, Кызыл-Сеңир айылындагы 2,5 гектар жер боюнча айткам. Кийин бирөөлөр аркылуу мени сотко беришти.

Бактыбек Алайчиев 2011-жылдан 2016-жылга чейин Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган. 2,5 гектар жер ата-энесинен ажыраган балдарга бериле турчу жер экен, бирок аны аким менчиктештирип алганы туурабы? Бул иш боюнча облустук прокуратурага кайрылгам. Алар ишти Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүп бердик деп айтышты. Бирок ушул кезге чейин жыйынтык чыга элек.

Чаңгет айыл өкмөтүндөгү Ильяз Жумабаев орто мектебине ашкана куруу үчүн 250 миң сом бөлүнгөн, кийин кошумча 350 миң сом бөлүнгөн. Ал акчалар кайда? Ушул иш боюнча айылдык кеңеш сессияга чогулуп, айыл өкмөт башчыга ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Кийин аким сураганда айыл өкмөт башчы акчаларды кайтарып берерин айткан. Ошондуктан мен премьер-министрден Өзгөндөгү көйгөйлөрдү жеринен чечүүнү суранам», - деген Төлөгөн Жолдошев.

Ал эми Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев 2,5 гектар жери бар экенин жана аны мыйзамдуу түрдө менчикке чыгарганын билдирген.

«Бул адам ушундай чыр киши экен. Ар кимден акча сурап көнүп калыптыр. Ал дайыма администрацияга келип, ар кандай кептерди айтып кетет. 2,5 гектар жерди менчиктештиргеним чын. Аны Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жер адиси болуп иштеп жүргөндө менчиктештиргем, 2000-жылдар болуш керек. Баары мыйзамдуу. Кийин ал жерди тегиздетип, чуңкурларды толтурдум. Бул боюнча прокуратура, каржы полициясы карап жатат», - деди Б.Алайчиев.

Ош облустук прокуратурасынын кызматкери Бегимай Токтогулованын айтымына караганда, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Толук маалымат бул шилтемеде

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×