Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуӨзгөн району 03.08.2019 14:01

Өзгөндө 17 жаштагы Айтажи Нуматова изделип жатат

Turmush -  Өзгөн районунун Кашка-Терек айылынын 17 жаштагы тургуну Айтажи Нуматова изделип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Айтажи өзү жашаган үйдөн 18-июль күнү саат 13:30 чамасында чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.

Белгилери: Бою 160-165 см, дене түзүлүшү толмоч. Ак жуумал, кашы, көзү, чачы кара түстө. Сол колунун сөөмөйүндө кесилгенден кийинки так бар.

Кийимдери: Көк түстөгү көйнөк, күрөң түстөгү бут кийим. Жанында баштыгы бар. Кара жана жалтырак түстөгү көйнөктөрүн алып кеткен.

Анын жүргөн жерин билгендер болсо 102, (3233) 5-06-36, 0778 48-63-58, 0553 88-88-92 номурлары аркылуу кабарлап койсо болот.

111

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×