Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуКара-Суу району 03.08.2019 15:12 На русском

Кара-Суу районунда бут кийим тигүүчү кыргыз-кытай ишканасы иштеп жатат

Turmush -  Кара-Суу районунда бут кийим тигүүчү кыргыз-кытай ишканасы иштеп жатат. Журналисттер анын иши менен таанышып кайтышты.

Ишкананын директорунун орун басары Абдибаит уулу Акжолбектин айтымында, бул мекеме 2019-жылдын февраль айында иштей баштаган. Учурда 70 адам эмгектенет. Арасында Кытайдын жарандары да бар. Ишканада мырзалар, аялдар жана балдар үчүн 500 даанадан тарта 800 даанага чейин бут кийим даярдоого болот. Бирок атаандаштык көп болгондуктан сатуу боюнча көйгөйлөр бар. Керектүү материалдар Кытайдан алынып келсе, өндүрүлгөн товарлар кошуна мамлекеттерге, Россияга экспорттолот.

Экспортко бир жөнөтүлгөндө 4000 коробкага чейин жөнөтүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×