Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуКара-Суу району 04.08.2019 12:00

Сүрөт: Оштогу балмуздактар кандай шартта жасалат?

Turmush -  Кара-Суу районунун Нариман айылында сүт иштетүүчү ишкана иштеп жатат. Журналисттер анын ишине күбө болуп кайтышты.

Ишкананын директору Бахадыр Махмудовдун айтымында, алар СССР учурунда балмуздак чыгаруучу цехте иштешкен.

«СССР тарагандан кийин сүт иштетүү тармагын иликтеп, цехтерди сала баштадык. Азыркы учурда сүт иштетүүчү жана балмуздак даярдоочу цехибиз бар. Анда балмуздактын 15 түрү, каймак, айран, быштактар жасалат», - деди ал.

Алдыда атайын май жана кургак сүт чыгаруу пландалууда. Ишканада күнүнө 5 тоннага чейин сүт иштетилет. Сезонго жараша 20-30 адам иштейт. Продукциялар Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына экспорттолот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×