Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуАраван району 05.08.2019 13:32 На русском

Түндө 26 жаштагы жигиттин үйүнө кирип, акча талап кылгандар кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Араван районунда акча опузалаган 2 адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Араван райондук ички иштер бөлүмүнө С.Юсупов айыл өкмөтүнүн 1993-жылы туулган тургуну Э.М.нын үйүнө 2 бейтааныш адам келип, аны белгисиз тарапка алып кетишкендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Араван РИИБдин жана Ош ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде 3-август күнү Араван районунда Кара-Суу районунун 1988-жылы туулган тургундары Ю.Х. жана И.Ж. колго түшүрүлгөн. Алар жабырлануучу Э.М.дан 10 миң сом акча талап кылып жатышкан жеринен кармалышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү Ю.Х. жана И.Ж. 3-август түнкү саат 02:00 чамасында Э.М.нын үйүнө киришип, өздөрүн кримчөйрөнүн өкүлдөрү катары тааныштырып жана мурда соттолгондугун айтышканы аныкталган. Алар жабырлануучуну бир нече жолу уруп, 50 миң сом талап кылышкан жана бычак менен сайып өлтүрүшөрүн айтып коркутушкан.

Аталган факт Араван РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 203-беренесинин (опузалоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ал эми шектүүлөр Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×