Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 06.08.2019 09:37 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумуна журналисттер киргизилген жок

Turmush -  Кечээ, 5-августта Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралды.

Күндүн экинчи жарымында сот отурумуна журналисттер киргизилген жок. Анын себебин шектүү М.Калыковдун жактоочусу Сартпай Жайчибеков буга чейин судья Жолбор Кудаяровго айтылган дооматтар менен байланыштырды. Ошондой эле ал М.Калыковдун бир жактоочусунун ордуна мамлекеттик жактоочу дайындалганын билдирди.

«Ал жактоочу кылмыш иши менен таанышайын десе уруксат берилген жок. Сот залынан М.Калыковду да чыгарып жиберди», - деди С.Жайчибеков.

Ошондой эле жактоочу Асылбек Күңгуров М.Калыковду үй камагына чыгарууну суранды.

Судья Жолборс Кудаяров тараптардын пикирин укту. Мамлекеттик айыптоочулар өтүнүчкө каршы болушту. Ошондой эле Анарбай Мамажакыповдун туугандарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева да М.Калыковдун иши оор кылмышка кирерин жана аны үй камагына чыгарууга болбой турганын билдирди.

Жыйынтыгында судья жактоочунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Буга чейин Turmush басылмасы сот отурумдун башында М.Калыковдун жактоочулары Сартпай Жайчибеков жана Асылбек Күңгуров мамлекеттик айыптоочуларды ишти кароодон четтетүү тууралуу өтүнүч билдиришкенин жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×