Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 06.08.2019 10:24

«Телефонго алаксыбаӊыз!»: Оштун көчөлөрүндө эскертүүчү жазуулар пайда болду (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы жолдорго жолдон өтүү эрежелери жана эскертүүлөр жазылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

4-августта Ош шаарында адамдар көп өтүүчү кесилиштерде Ош ШИИБдин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, аймактык тескөөчүлөр жол кырсыктарын алдын алуу максатында «Өткөөлдөн өтүүдө телефонго алаксыбаӊыз!» жана «Ата-эне, жаш балаӊызды жетелеп өтүӊүз!» деген эскертүүлөрдү жазышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×