Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуНоокат району 06.08.2019 15:05

Ош—Исфана жолунда пахта жүктөп бара жаткан унаа өрттөндү (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунда пахта жүктөп бара жаткан оор жүк ташуучу унаа өрттөндү. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Бүгүн, 6-август күнү саат 12:30 чамасында Ош—Исфана жолунун 21-чакырымында Ноокат районунан Ош шаарына бара жаткан «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтоп турган жеринен электр зымдарынан өрт чыккан. Анын кесепетинен унаанын алды (кабина) күйүп кеткен. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барышкан жана өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×