Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 06.08.2019 16:01

Видео — Ноокатта айыл өкмөттүн имаратынын короосу өрттөндү

Turmush -  Ноокат районунда Көк-Жар айыл өкмөтүнүн имаратынын короосунан өрт чыкты. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Бүгүн, 6-август күнү Көк-Жар айыл өкмөтүнүн имаратынын алдындагы орулган кургак чөптөр өрттөндү. Өрт саат 15:10 чамасында кургак чөпкө ыргытылган тамекинин калдыгынан тутанганы айтылууда. Өрттөнгөн жер айыл өкмөттүн унаа токтотуучу жайы. Ал эми чөптөр жакында эле орулган.

Кырсыктан жабыркагандар жок. Өрт айыл өкмөттүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардын аракети менен өчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×