Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуЧоң-Алай району 06.08.2019 17:13 На русском

Ленин чокусунда Орусиянын генерал-майору каза болду

Пик Ленина
Пик Ленина

Turmush -  Ленин чокусунан түшүп келе жатканда каза болгон россиялык турист ички иштер органдарынын генерал-майору Иван Иванов экени аныкталды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар укук коргоо органдарындагы булактарга шилтеме берүү менен маалымдашты.

Иван Иванов РФнын ИИМдин келишим-укуктук департаментинин башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

28

Ош ОИИБден Turmush басылмасына билдиришкендей, 1974-жылы туулган И.И. аттуу орусиялык жарандын жоголгондугу боюнча факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Команда Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Ачык-Таш жайлоосу тараптан чокуга чыгышкан.

Чокуга чыгууну «Горы Азии» компаниясы уюштурган. Иванов команда менен бирге 6100 метр бийиктикти багындырып, андан кийин анын жанындагылар түшүп башташкан. 27-июлда генерал акыркы жолу байланышка чыгып, чокудан түшүп жаткандыгын айткан. Андан кийин аны менен байланыш жоголгон. Бир нече убакыт өткөндөн кийин издөө жана куткаруу иштери башталган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары жиберилген. Туристтик фирманын кайрылуусу боюнча «Ак-Сай Трэвел» компаниясынын куткаруучулары тартылган.

Туристтик компания издөө иштери үчүн жеке авиакомпаниянын тик учагын тартышкан. Издөө иштеринин жүрүшүндө 6300 метр бийиктикте Ивановго тийиштүү сумка жана таанытма табылган.

4-августта издөө куткаруу тобу Ленин чокусунан 6200 метр бийиктиктен анын денесин табышкан. Туристтик компаниянын альпинисттери анын денесин лагерге алып түшүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×