Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 07.08.2019 08:17 На русском

Ноокатта төрага менен жетекчинин «таарынычы» бала бакчага бөлүнө турчу каражатка таасирин тийгизип жатабы?

Ноокат шаарындагы У.Салиева атындагы бала бакча
Ноокат шаарындагы У.Салиева атындагы бала бакча

Turmush -  Ноокат шаарындагы У.Салиева атындагы бала бакчага 2 жылдан бери шаардык бюджеттен оңдоп-түзөө иштерине акча бөлүнбөй келет. 1975-жылы курулган имаратта 220 бала тарбияланат. Бул тууралуу бала бакчанын жетекчиси Бактыгүл Бердибекова билдирди.

Ал каражаттын бөлүнбөй жатышын шаардык кеңештин төрагасы менен байланыштырды.

«Өзүм да убагында шаардык кеңештин депутаты болгом. Ошол убакта каржы комиссиясы түзүлүп, сметалар талкууга коюлчу. Зарылчылыгы барбы же жокпу — бардык тарабынан текшерилип, акча бөлүнчү. Ал эми азыркы төрага өзүнө жакпаган 1-2 бала бакчаны, мектепти каржы жактан кысып, талкуу да кылып койбойт. Быйыл оңдоп-түзөө иштерине 192 миң сомдук сметаны түзүп баргам, бирок каражат бөлүнгөн жок. Көмүр, электр энергиясы, интернет, тамак-аш, чарба буюмдарына гана акча бөлүндү. Жылытуу мезгилине да даяр эмеспиз. Мэриянын эсепчиси райондук билим берүү бөлүмү, ата-энелердин камкорчулар кеңеши менен иштешип, маселеңерди чечип алгыла дейт. Ата-энелерден балдарынын муктаждыктарына гана акча сурай алам. Бала бакчаны ондоп бергиле деп кантип айтмак элем? Жай мезгилинде балдар ойной турган аянтчаны оңдоп-түзөп, сырдап, жасалма бассейн орнотуу керек болчу. Мэриядан бирөө дагы даярсыңарбы деп басып келген жок. Бүт баарын ата-энелердин жардамы менен бүтүрдүк. Канализация сыртта, бала бакчанын ичинен суу чыкпайт. Идиштерди сыртта жууйбуз. Ашканага гана долбоор аркылуу суу киргизилген, анда да сууну кампага толтурушат. Терезе, кир жуучу машина да долбоор менен алынган», - дейт Бактыгүл Бердибекова.

Ал эми Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы Абдурахман Гафаров жеке таарынычтарын жумушуна аралаштырбай турганын, акчаны шаардык кеңештин депутаттары бөлүп бере турганын билдирди.

«Бала бакча жана мектептерге акчаны мен бөлбөйм. Атайын комиссия зарылчылыгы жок десе акча бөлүнбөйт. У.Салиева бала бакчасында суу жок болсо, санэпидемстанция аны жаап коймок. Ал эми жылуулук мезгилине былтыр 136 миң сомго от казан алынып, оңдолгон, эмнеге даяр эместигин түшүнбөйм. Мага жеке таарынычы (бала бакчанын жетекчиси тууралуу) бар-жок экенин билбейм», - деди Абдурахман Гафаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×