Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 09.08.2019 15:36

Адамдарды көпүрөнүн алдында тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Лидери 21 жашта

Turmush -  Ош шаарында адамдарды тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

6-август күнү саат 00:00 чамасында Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү «Достук» көпүрөсүнүн алдында А.у.А. өзүнүн шериктери менен биргеликте М.у.А., А.у.Н. жана Т.К.га таандык «Ми» үлгүсүндөгү чөнтөк телефондорун тартып алышкан. Ошол эле кылмыштуу топ 7-август күнү саат 00:20да «Достук» көпүрөсүнүн алдында З.у.К.га таандык кара түстөгү сумкасын, саатын тартып алышкан.

Жабырлануучулар Ош ШИИБге арыз менен кайрылып, аталган факт боюнча Жазык кодексинин 201-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. 7-август күнү кылмышка шектүү катары А.у.А., А.Б.Н. жана дагы 4 адам Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүнкү күндө аталган кылмыштуу топ тарабынан жасалган 2 уурулук, 5 тоноо фактысы аныкталды. Кармалгандар спотчу балдар болгон. Алардын арасында 17 жаштагы бала бар. Кылмыштуу топтун лидери 1998-жылы туулган Д.Т.А. болгон.

Аталган кылмыштуу топтон жабыркагандар болсо 0999 88 08 89, 0774 22 07 07 номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×