Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуӨзгөн району 09.08.2019 18:09

Өзгөндө депутаттар элди ынтымакка чакырды

Turmush -  Өзгөн районуна караштуу Жазы айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушуп, элди ынтымакка чакырышты. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Максат Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 8-августтагы сессияга айыл өкмөттүн, жергиликтүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Анын алкагында өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча айтылып, депутаттар элдин тынчтыгы баарынан маанилүү экенин белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×