Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуӨзгөн району 09.08.2019 20:00 На русском

Өзгөндө 380 кг кара куурай өрттөлдү

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айылында жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

1-август күнү Өзгөн РИИБдин кызматкерлери жана Куршаб айыл өкмөтүнүн адистери Куршаб айылындагы жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча рейд өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө 0,83 га жерде өскөн кара куурай орулуп, андан соң өрттөлүп жок кылынды. Жапайы кара куурайдын жалпы салмагы 380 килограммды түздү. Рейддин максаты — жапайы өскөн кара куурайды жетилгенге чейин жок кылуу болуп саналат.

Куршаб айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 26,8 миң чарчы метрди түзөт, калкынын саны — 22 миң 990 адам, жалпы 3 миң 727 түтүн жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×