Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 10.08.2019 13:31 На русском

Сүрөт — Ош шаарында 6 үй өрттөнүп кетти

Turmush -  Ош шаарында барак тибиндеги 6 үй толугу менен өрттөнүп, үй ээлери турак жайсыз калды.

Маалым болгондой, 8-августта саат 17:16да Черемушка кичи районунун Бобур көчөсүндөгү №16 турак үйдөн өрт чыгып, Бобур көчөсүндөгү №14, №18 жана Моминов көчөсүндөгү №207/2, №211, №209 барак тибиндеги турак үйлөргө жайылган. Жалпы 6 турак үй толугу менен күйүп кеткен. Алардын аянты 2500 чарчы метрди түзгөн.

Үй ээлеринин бири Манзура айымдын айтымында, өрт чыккан күнү алар тойдо болгон.

«Биз өрт чыккан күнү тойдо болчубуз. Угуп эле дароо жетип келдик. Келсек, биздин үй дагы күйүп жатыптыр. Биздикинен сырткары 5 үй күйүптүр. 8 бөлмөлүү үй толугу менен күйүп кетти. Үйүбүздү камсыздандыра элек болчубуз. Жаңы курулган үй эле. Кошуналарыбыз келип жардам берип жатышат», - деди ал.

Өрттү өчүрүүдө жардамдашкан Д.Разыковдун айтымында, ал өрттү көрүп, дароо жардамга келген.

«Мен Волгоград көчөсүндө жашайм. Өрттү көрөрүм менен дароо келдим. Өрт жете элек үйлөрдөн буюмдарды ташып чыгарып жаттык. Өрт өчүрүү кызматынан унаалар келип, 2-3 саатта толугу менен өчүрүштү», - деди ал.

Үйү өрттөнүп кеткен Шухратулло Ибрагимов кошуналары колдон келишинче чакалап суу ташып, өрттү өчүрүүгө жардам беришкенин айтат.

«Үйүмдү толугу менен куруп бүтө элек болчумун. Камсыздандыра элек болчубуз. Мен Өзгөндөн эми эле Ошко келгем. Үйдөгүлөр телефон чалып калышты. Келсем, биздин үйгө өрт жете элек экен. Жетишип калалы дегенге болбой, өрт биздин үйгө да өтүп кетти. Үйлөрдүн чатырларынын баары шифер эмес, темир менен жабылган үчүн, өрт сыртка чыкпай, биринчи үйдөн экинчи үйгө өтүп кете берген. Өрт өчүрүүчү кызматкерлер, куткаруучулар, кошуналардын жардамында, толугу менен өчүрүлүп калды. ӨКМден атайын чатырлар тигилип берилип, учурда чатырда жашап жатабыз», - деди Ш.Ибрагимов.

Ош шаарындагы өрт өчүрүү кызматынын ыкчам нөөмөтчүсү Данияр Ашыровдун айтымында, учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

«Бизге саат 17:16да кабар келип түшкөн. Жалпы 6 бригада тартылып, өрт саат 18:22де чектөөгө алынып, саат 20:00до өчүрүлгөн. Жашылдандыруу ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 2 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада, ИИМден 10 кызматкер тартылган.

ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан 4 чатыр (10 орундуу 2 даана, 30 орундуу 2 даана) орнотулуп, электр энергиясы менен камсыз болгон. Учурда бир үй-бүлө чатырда жашабай турганын айтып, жыйнаштырылды. Негизинен Ош шаары боюнча 7 өрт өчүрүүчү унаа бар. Унааларга 2,5 тоннадан 4 тоннага чейин суу батат. Бир секундасына 40 литр суу чачат. Бир унаадагы суу 10 мүнөткө жетпей түгөнөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×