Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 11.08.2019 09:43

Оштун жаш футболчулары Кытайда өткөн турнирде 1-орунду алышты

Turmush -  Ош шаарынын жаш футболчулары Кытайдын Линься шаарында кичи футбол боюнча өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду алышты. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Линься шаарында спорттун 10 түрү боюнча мелдештер болуп өткөн. Анын ичинде кичи футбол боюнча мелдешке 8 өлкөнүн командасы катышкан. Кичи футбол боюнча мелдештин тандап алуу турунда Оштун курама командасы талаа ээлерин 9:2 эсебинде, Таиланддын командасын 5:3 эсебинде, Тажикстандын командасын 6:0 эсебинде уткан.

Жарым финал үчүн оюнда Оштун жаш футболчулары Непалдын командасын 3:1 эсебинде жеңген. Финалда Таиланддын командасын 2:1 эсебинде утуп, 1-орунду алышкан. Ош шаарынын чемпион болгон жаштар курама командасын Учкун Абдыжапар уулу машыктырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×