Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 11.08.2019 11:43

Сүрөт — Ош шаарындагы мечиттерде Курман айт намазы окулду

Turmush -  Бүгүн, 11-августта Ош шаарындагы мечиттерде Курман айт намазы окулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айт намазга чейин имамдар курмандык чалуунун эрежелери, анын сообу тууралуу айтып беришип, жалпы элди Курман айт майрамы менен куттукташты. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү шаар тургундарын куттукташып, каалоо-тилектерди айтышты.

«Бул ыйык күнү жараткан чын жүрөктөн тилек кылган дубаларыбызды кабыл кылсын. Өлкөбүз өнүгүп, өсө берсин. Элибиз тынчтыкта, үй-бүлөлүк бакытта өмүр сүрө берсин», - деди мечиттин имамы.

Курман айт намазы жалпы 42 мечитте окулуп, ага миңдеген адамдар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×