Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 14.08.2019 08:15 На русском

Видео: «Сахаба» эс алуу жайы санитардык талаптарга жооп бербейби? Айыл өкмөттүн жообу

Turmush -  Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү «Сахаба» эс алуу жайы санитардык талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга эс алуучулар билдиришти.

Атын атагысы келбеген райондук оорукананын кызматкери да аталган жайга эс алууга барып, ал жер таштандыга толуп калганын айтты. Ошондой эле атайын мал союучу жай жок экендигине карабай эс алуучуларга мал союп берип жаткандар бар экенин кошумчалады.

Turmush басылмасынын кабарчылары «Сахаба» эс алуу жайына барып, ал жердеги абалды жеринен көрүп келди.

Ал эми Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Нодирбек Розалиев таштандылар Курман айт майрамында гана ташталганын билдирди.

«Сахаба эс алуу жайы жеке ишкерлерге ижарага берилген. Ушул жылдын май айынан баштап август айынын аягына чейин эс алуучуларды кабыл алышат. Негизи ижарага алган адамдар өздөрүнө тиешелүү аймакты тазалаш керек. Бирок күнүнө 15 миңдей адам кирип-чыгып тургандыктан, айыл өкмөт тарабынан "Хундай Портер" унаасы бөлүнүп берилип, таштандылар эки күндө бир жолу чыгарылат. Чындыгында эс алуучу жай оңдоп-түзөөгө муктаж. Кийинки жылы реконструкция болуп, заманбап эс алуучу жайга айланат. 2020-жылдын бюджетинен асфальт төшөлүп, жарыктандыруу, отургучтар орнотулат», - деди Нодирбек Розалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×