Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 14.08.2019 10:21

Кой-Ташта башынан жаракат алган Чүй ОИИБдин башчысына Оштогу кесиптештери 1 күндүк маянасын берет

Самат Курманкулов
Самат Курманкулов

Turmush -  Кой-Таш айылында А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында оор жаракат алган Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловго Ош шаарындагы кесиптештери 1 күндүк маянасын которушат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Самат Курманкуловго жардам көрсөтүү үчүн 1 күндүк маянаны берүү демилгеси кечээ, 13-августта кабыл алынган. Ош ШИИБдин өздүк курамы жана жетекчилери каражатты С.Курманкуловдун үй-бүлөсүнө тапшырышат.

«Баракелде» басылмасы Кой-Таштагы окуядан жаракат алган Чүй ОИИБдин жетекчиси Самат Курманкуловду Москва шаарына алып кетишкенин жазган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Самат Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которулат. Аны которуу үчүн Москвадагы нейрохирургия борборунун атайын бригадасы келген. С.Курманкуловду жубайы жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коштоп барат.

Курманкуловдун абалы оор, бирок туруктуу.

«Министрлик менен дарыгерлер Самат Курманкуловдун өмүрүн сактап калуу үчүн баарын жасашты. Онлайн кеңешме, ошондой эле москвалык дарыгерлердин кароосунан кийин Курманкуловду дарылоо үчүн Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которуу чечимин кабыл алдык. Министрлик анын дарылануусун көзөмөлгө алат», - деди Каратаев.

Буга чейин 11-августта Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунда Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловдун абалы боюнча дарыгерлердин кеңешмеси өткөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун адистери — Полупан Александр Александрович жана Латышев Ярослав Александрович катышкан.

Самат Курманкулов баш мээсинен жаракат алып, 2 жолу операция жасалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×