Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуНарын району 14.08.2019 17:41 На русском

Полдо уктап жаткан милиция кызматкерлери. Нарын ОИИБдин жообу

Turmush -  Солтон-Сары алтын кениндеги коомдук тартипти көзөмөлдөөгө барган милиция кызматкерлери кароосуз калды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда социалдык түйүндөрдө спорт залдын полунда жаткан милиция кызматкерлеринин сүрөтү тарап жатат.

Сотрудники милиции лежат на полу в спортивном зале

«Нарын ОИИБдин кызматкерлери Солтон-Сарыдагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чатыр тигип, ошол жерде күнү-түнү кызмат өтөшкөн. Азыркы учурда дагы атайын посттордо көзөмөл кылышууда», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин тургундар кытайлык «Жонг Жи Майнинг (Zhong Ji Mining Company)» компаниясынын Солтон-Сары алтын кениндеги ишин токтотууну талап кылышкан.

Алардын айтымында, аталган компанияга Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кенди иштетүүгө мыйзамсыз жол менен уруксат берилген. Ошондуктан аталган компаниянын лицензиясын жараксыз деп таанып, жокко чыгаруу керектигин билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×