Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.08.2019 15:22 На русском

Өзгөн районунда Россиядан алынып келген күрүчтүн 14 түрү өстүрүлүүдө

Turmush -  Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылындагы мамлекеттик сорт сыноо участкасында «Ош облусундагы интеграциялык өнүгүү» программасынын алкагында Россиядан алынып келген күрүчтөр өстүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.

Кечээ, 14-август күнү райондогу дыйкандар үчүн талаа күнү уюштурулуп, күрүчтөн мол түшүм алуу боюнча маалыматтар берилди. Иш-чарада Россияда өндүрүлгөн күрүчтүн 14 сорту көрсөтүлдү. Алар сыноодон ийгиликтүү өткөндөн кийин Өзгөн районунун аймагында эгиле баштайт. Талаа күнүнө карата Россиянын илимий изилдөө институтунун өкүлү, айыл чарба илимдеринин доктору В.С.Ковалев жана илимдин кандидаты В.А.Ладатько катышып, аталган күрүчтөрдүн ар бир сорту боюнча маалымат беришти. Россиядан алынып келген күрүчтөрдү сыноого бейөкмөт уюмдар колдоо көрсөтүшкөн.

Иш-чарага катышкан Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиевдин айтымында, Ош облусу боюнча жалпысынан 3 миң 300 гектар жерге шалы эгилген. Анын 3 миң 25 гектары Өзгөн районуна тиешелүү.

«Биздин район жылына 10 миң тоннадан ашык күрүч өндүрөт. Өзгөндүн күрүчү Россия, Өзбекстан мамлекеттерине экспорттолот», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×