Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Талас облусуТалас району 17.08.2019 10:22 На русском

«Ал отурган жер талкаланды»: Уулунан, кийин көз көрүнө кызынан ажыраган жубайлардын күйүтү

Садыбакас Дөөлөталиев менен Гүлсайра Мыкыева
Садыбакас Дөөлөталиев менен Гүлсайра Мыкыева

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Талас районунун Орто-Арык айылынын тургундары Садыбакас Дөөлөталиев менен Гүлсайра Мыкыева. Алар жер тилкесин айыл элине спорт зал курууга белекке беришти.

52 жаштагы Гүлсайра Мыкыева финансы техникумун аяктагандан кийин бухгалтер болуп 3 жылдай иштеген.

«Мен Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын кызымын. 1984-жылы Фрунзе шаарындагы финансы техникумун аяктагам. Ошол жылы эле Талас районундагы ооруканада бухгалтер болуп иштеп калдым. Жолдошум менен досу аркылуу таанышып калганбыз. Менин курсташ балам жана жолдошумдун классташы тааныштырган. 1986-жылы баш кошконбуз. Турмуш курган соң декретке чыктым. 1989-жылы эгиздерим төрөлүп, жумушума жетише алган жокмун. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди түшүнүп, колдоп келебиз. Ал жөнөкөй, сабырдуу адам. Дыйканчылык, мал чарба менен алектенебиз.

Жолдошум экөөбүз жашообузда эки армандуу учурду өткөрдүк. Эки балабыздан айрылдык. Эң улуу балабыз 21 жашында каза болду. 2008-жылы Искусство институтунда 3-курста окучу. Жол кырсыкка кабылып, дүйнө менен кош айтышты. Кичинесинен көп сынактардын жеңүүчүсү болуп, ырчылык менен алектенчү. Баланын азабы кыйын болот экен. Жолдошум экөөбүзгө өтө оор болду. Бири-бирибизди жөлөп-таяп, калган балдарыбызды ойлоп, аларга керекпиз деп кайгыдан өзүбүздү сууруп чыкканга аракет кылдык», - деди ал.

2013-жылы үй-бүлөнүн унаасы жол кырсыгына кабылып, 12 жаштагы кызынан да айрылып калышкан.

«Биздин унааны жүк ташуучу унаа сүзүп кетип, ошол кызыбыз отурган жагы талкаланып, отурган жерден көз жумду. Бизге дагы чоң сокку болду...

Жолдошум дин жолунда. 17 жылдан бери айылдын имамы. Өзүм жашоону жаңы багытка салуу үчүн 46 жашымда кайра төрөдүм. Уулубуз 6 жашка чыгат. Кудайга шүгүр, 2 уул, 2 кызыбыз жана 9 неберебиз бар. Балдарыбыздын баары жогорку билимдүү. Эгиздеримдин бири жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча билим алган. Учурда ӨКМде иштейт. Бир кызым англис тили мугалими, бири тарых мугалими.

Айылда өсүп жаткан балдар жер төлөдө спорт менен машыкканын көрүп жүрчүбүз. Жаштар өздөрү спорт зал курабыз деп демилге көтөргөн соң, биз үй-бүлөбүз менен кеңештик. Өзүбүздүн жер тилкебизди айыл элине, жаштарга спорт зал куруу үчүн белекке тартууладык», - деди ал.

Садыбакас Дөөлөталиев 56 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×