Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 19.08.2019 17:58 На русском

Чоң-Алайда жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чоң-Алай районунда 54 жаштагы адамды автоунаа сүзүп кетти. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Бүгүн, 19-август күнү саат 11:05 чамасында Сары-Таш—Карамык унаа жолунун 60-чакырымында, тактап айтканда Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жайылма айылында Чоң-Алай районунун 1992-жылы туулган тургуну К.Б. өзүнүн «Ауди-80» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жаткан. Ал 1965-жылы туулган Т.Ж.ны сүзүп, анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Маркум Чоң-Алай районунун тургуну экендиги аныкталды.

Учурда аталган кырсык боюнча Чоң-Алай РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×