Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 19.08.2019 18:05 Жаңыланды: 19.08.2019 19:49 На русском

Айыл турмушу: Жумгалда коон менен дарбыз бышып, элеттиктерди таң калтырып жатат

Turmush -  Жумгал районунун Кабак (Өрнөк) айылында дыйкан Жылдызбек Актаев (Хамза таксыр) алгачкы ирет 7 га жерди өздөштүрүп, коон, дарбыз, помидор жана бадыраң өстүрүп, мол түшүм алууга жетишти.

Кабак айылынын Кой-Жол аймагында 7 га жерге өстүрүлгөн жер-жемиштерди караган Рустам Абрамов Чүй облусунан келген. Ал Жумгалда жер иштетүү абдан кыйын экенин, бирок суу жетпеген жерде түшүм мол болгонун билдирди.

«Бул жерге Хамза таксыр аркылуу келгем. 4 га жерге помидор тигилсе, 1 га жерге бадыраң, дарбыз, коон тигилген. Суу жагы көйгөйлүү экен. Сууну Көкөмерен дарыясынан тарттырып алабыз. Кийинки жылы тамчылатып сугаруу ыкмасына өтөбүз. 1,5 айдан бери бир күндө 2,5 тоннага чейин помидор терип жатсак, 2 айдан бери 1 тоннага жакын бадыраң алып жатабыз. Бадыраңды 8-10 сомдон саттык. Помидор деле ушул баада. Дарбыз-коонду тергенибизге 10 күндөй болду. 10 тонна дарбыз саттык, 2 тонна коон алдык.

Жалпы 5 кызматкер иштейбиз. Дагы 10 жумушчу түшүм жыйноо учурунда жардам берет. Азырынча түшүмдү райондун борборуна чыгарып жатабыз», - деди Абрамов.

Жумгал райондук айыл чарба департаментинин башчысы Талантбек Молдокеев дарбыз, коондун бышышы Жумгалда жаңылык экенин айтат.

«Түштүктөн келип жаткан дарбыздардан кем эмес көлөмдө чоңоюп жатат. Бул эми Жумгал эли үчүн жаңылык болуп жатат. Жумгалда алгачкы ирет дарбыз, коон өстүрүлүп, жакшы түшүм алынды. Айылдан ушул жерге чейин 4 чакырым. Келечекте тамчылатып сугарууга өтөбүз деп жатышат. Жерди ижарага райондук токой чарбасынан алышкан. Бардыгы жакшы», - деди ал.

Дыйкан Турарбек Муратов: «Мурун пайдаланылбаган жер экен, эми минтип дарбыз, коон бышырып жатабыз. Аны менен бирге помидор, бадыраңдан жакшы түшүм болду. Мурда бизге жакын жерде дарбыз, коон өстүрүшкөн экен. Бирок кичинекей болуп калган дешет. Дарбыздын артындагы чөбү куурап калса үзө беребиз. Ал эми коон бышканда түбүндөгү сабынан ажырап калат. Азыр базарга, дүкөндөргө жүктөп барып сатуудабыз», - деди.

Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Самсалиев элдин жер иштетүүгө кызыгуусу жогорулап калганын билдирди.

«2019-жылы Кызыл-Коргон айылынын тургуну Жылдызбек Актаев ушул ишти жаңы баштады. Кой-Жол участкасындагы 7 га жерге жер-жемиш тигип, жакшы түшүм алып жатат. Буга чейин Жумгалда дарбыз, коон бышат деп эч ким ойлогон эмес. Эми минтип эл маалымат менен камсыз болгон соң дыйканчылык кылууга бел байлашты. Башкалардын да кызыгуусу жаралды. Негизи биздин айылда көлдүн өрүгү өскөн. Акыркы жылдары өрүктөр азайып кеткен, бирок тургундар кайрадан өрүк багын көбөйтүп жатышат», - деди Самсалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×