Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусу, Ош 21.08.2019 09:55

Ошто таттуулар жасалган цех өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында таттуулар жасалган цехтен өрт чыкты. Бул маалыматты Ош шаардык өрт өчүрүү кызматынын нөөмөтчүсү Адилет Нурбеков тастыктады.

Анын айтымында, Черемушка кичи районунда жайгашкан «Кыргызстан» кинотеатрынын жанындагы цехтен өрт чыккан.

«Биздин нөөмөт бөлүмүнө маалымат түнкү саат 02:58де келип түштү. 03:00дө биринчи бригада, 03:05те экинчи бригада, 03:13тө үчүнчү бригада өрт чыккан жерге чыгып кеткен. Өрт саат 03:34тө чектөөгө алынып, 05:15те толугу менен өчүрүлдү. Цехтин жалпы 156 чарчы метри күйүп кеткен. Учурда келтирилген чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда», -деди А.Нурбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×