Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 21.08.2019 20:00 На русском

Сүрөт — Ошто бий фестивалы өттү

Turmush -  Ош шаарында балет бийчиси Чолпонбай Базарбаевдин жаркын элесине арналган бий фестивалы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара кечээ, 20-августта Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн. Шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркуловдун айтымында, алар алгач балет фестивалын өткөрүүнү каалашкан.

«Фестивалга Ош шаарынын 12 бий тобу, Жалал-Абад шаарынын 2, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынан 1 топ, жалпы 15 бий тобу күч сынашты. Негизи балет фестивалын өткөрөлү дегенбиз. Тилекке каршы Ош облусунда бул багыт өнүкпөгөндүктөн бий фестивалын өткөрдүк. Бийчилер кыргыз бийин жана элдик бийлерди бийлешти», - деди ал.

Фестивалдын жыйынтыгында Ош шаарынын «Таэлия» бий тобу баш байгеге ээ болду.

«Биз өткөрүп жаткан фестивалга профессионал бийчилер гана катышты. Баш байгени «Таэлия», 1-орунду «Арууке» бийчилер тобу, 2-орунду Жалал-Абаддан келген «Азем» бийчилер тобу алды. 3-орунду эки топ бөлүп алды: бири «Роза» бийчилер тобу, экинчиси «Нур». Калыстар тарабынан мыктыларды аныктоо оңой болгон жок. Бийчилердин бийине гана эмес, кийген кийимине, ар бир кадамына, кыймылына чейин каралды», - деди Элдияр Кадыркулов.

Жеңүүчүлөрү баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×