Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусу, Ош 22.08.2019 14:30

А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отуруму жылдырылды

Мелис Калыков
Мелис Калыков
// Turmush

Turmush -  Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Калыковдун сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу М.Калыковдун бир тууган эжеси Дарика Калыкова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 22-августта белгиленген отурумга күбөлөр келишкен жок. Сот отурумунда эксперт, милиция кызматкерлери суралмак.

Жыйынтыгында отурум эртең, 23-августка жылдырылды.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда унаанын капталдарынан кандын тактары табылган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

24.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Видео
05.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумунда шектүү Мелис Калыков судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү
06.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков сот отурумуна катышуудан баш тартты
07.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыковдун жакындары митингге чыгышты. Видео
13.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун 2 жактоочусу сот отурумуна келген жок
15.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков ачкачылык кармоону токтотту
16.08.2019Прокурордун өлүмү: Кылмышка шектелген М.Калыковдун жакындары акцияга чыгышты. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×