Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуАраван району 23.08.2019 12:26 На русском

18 жаштагы Дилафруз кечинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз

Turmush -  Араван райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон Дилафруз Абдулхакимовага издөө салат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Лангар айылынын 2001-жылы туулган тургуну Абдулхакимова Дилафруз Махаматсолиевна ушул жылдын 9-август күнү болжол менен саат 20:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, кара тору, кашы, көзү жана чачы кара.

Кийими: үстүндө кызыл түстөгү халат, астында кара түстөгү колготки, бутунда кызыл түстөгү жайкы бут кийим.

Дилафрузду көргөн-билгендер болсо 0(3222) 5-00-33, 0(3222) 4-61-68, 0(709) 92-60-60, 0(777) 38-44-55, 0(550) 38-44-55 телефон номурлары же 102 кызматы аркылуу байланышса болот.

жоголгон

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×