Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 23.08.2019 13:03

Кара-Сууда дене тарбиячылар физикалык даярдыктан өтүштү

Turmush -  Кара-Суу районунда дене тарбия сабагынын жана спорт мектептердин мугалимдери жаңы окуу жылына карата физикалык даярдыктан өтүштү. Бул тууралуу Кара-Суу райондук спорт комитетинин директору Заирбек Эшмаматов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарада мугалимдер бир нече физикалык көнүгүүлөрдү жасашты.

«Дене тарбия сабагынын мугалимдеринин арасында аялдар дагы бар. Алар 60, 100, 1000 метр аралыкка чуркашты. Ошондой эле мырзалар отжимания жасашып, турникке тартынышты. Ордунан аралыкка секирүү, ташты алыстыкка ыргытуу боюнча да көнүгүүлөрдү аткарышты. Көнүгүүлөрдү мыкты жасаган мугалимдерге спорт комитеттин атынан грамоталар тапшырылды», - деди З.Эшмаматов.

Кара-Суу районунда 128 мамлекеттик, 5 менчик мектеп бар. Анда жалпы 5 миңге жакын мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 200гө жакын педагог дене тарбия сабагынын мугалимдери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×