Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Озгон 24.08.2019 15:35

Өзгөн шаарында аскер кызматкерлери сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 24-августта Өзгөн шаарында аскер кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара Өзгөн шаарында ИИМдин ички аскерлеринин №703 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулду. Анын алкагында мэр Мухтаржон Халматов тарабынан аскер кызматкерлерине ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ардак грамота алгандар:

- Алманбет Сыдыков 2-взводдун 1-бөлүкчөсүнүн командири;

- Камчыбек Зундунов 2-взводдун 2-бөлүкчөсүнүн жоокери;

- Гүлжан Мамадалиева ротанын санитардык нускоочусу.

Акчалай сыйлак алгандар:

- Санжар Карасартов ротанын командири;

- Зарылбек Жаныбек уулу 1-взводдун командиринин орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×