Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуАлай району 26.08.2019 11:40

Кабылан-Көл айыл өкмөтүн дене тарбиячы Гүлжигит Мадаев жетектеп жатат

Кабылан-Көл айыл өкмөтү
Кабылан-Көл айыл өкмөтү

Turmush -  Кабылан-Көл айыл өкмөтүн Гүлжигит Мадаев жетектеп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Токтосун Камиловдун иштөө мөөнөтү бүтүп, анын ордуна жаңы айыл өкмөт башчы шайланган. Шайлоо ушул жылдын 10-июнунда өтүп, анда 2 талапкер: Гүлжигит Мадаев жана Абдыганы Раимбеков ат салышкан. Жыйынтыгында Гүлжигит Мадаев жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 7 добушуна, ал эми Абдыганы Раимбеков 4 добушка ээ болгон.

Кабылан-Көл айылдык кеңешинде жалпы 11 депутат бар.

Гүлжигит Мадаев кесиби боюнча дене тарбиячы. Ал расмий түрдө 8-июлдан тартып милдетин аткара баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×