Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 26.08.2019 17:00

Кара-Сууда 5 турак үйдүн чатыры өрттөндү

Turmush -  Кара-Суу районунда 5 турак үйдүн чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын Якубов көчөсүндө жайгашкан №19, №21, №23 жана Худайбердиев көчөсүндөгү №20, №22 турак үйлөрдөн чыккан өрт саат 13:27де чектөөгө алынып, 15:14тө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттөнгөн жердин жалпы аянты болжол менен 268 чарчы метрди түзөт.

Учурда келтирилген чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында Якубов көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкканын жазган.

Аны өчүрүүгө саат 12:45те Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн (АӨКБ) 2, саат 12:56да Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 (жалпы 4 бөлүм) тартылган. Мындан сырткары саат 13:10дө куткаруучулардын ыкчам тобу тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×