Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 27.08.2019 09:18

Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айылындагы үйдөн өрт чыгып, кошуналардын тамдарын дагы жалын каптады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 26-августта Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык саат 12:45 чамасында Ж.Якубов көчөсүндөгү үйдө катталган. Өрт жанаша жайгашкан жана Худайбердиев көчөсүндөгү үйлөрдүн чатырларына да өтүп кеткен. Анын кесепетинен 268 чарчы метр аянт өрттөндү.

Кырсык болгон жерге ӨКМден 4 бөлүм, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада, ИИМден 10 кызматкер, газ көзөмөлдөө кызматынан 1 бригада тартылды. Өрт саат 15:15 чамасында толук өчүрүлдү. Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×