Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуАраван району 27.08.2019 15:27

Айыл турмушу: Айына 50 миң сомго чейин киреше тапкан Таир Акбаров аары багуунун сырларын атасынан үйрөнгөн. Видео

Turmush -  Араван районунун Нур-Абад айылынын 49 жаштагы тургуну Таир Акбаров 30 жылдан бери бал аарыларды багып келет. Атасынын жолун улаган Таир мырза менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, ал балчылыкты атасынан үйрөнгөн. Жалпысынан 30 бал челеги бар.

«Атам аары бакчу. Мен дагы жаштайымдан аары багууга кызыгып калдым. Көчүп-конуп, аарыларга ыңгайлуу жерлерди тандайбыз. Нымдуулук болбосо аарылар нектар бөлүп чыгарбайт. Ар мезгилде ар кандай көлөмдө бал чогултабыз. Тапкан каражат үй-бүлөнү багууга жетет. Андан сырткары балды базарга алып чыгып сатабыз. Аба ырайы жакшы болсо 1 айда 500 кг бал чогултабыз. Ошондо 1 айда 40-50 миң сомго чейин киреше табабыз.

Бул ишти акча табуу үчүн жасабайм, хобби катары көрөм. Аарыларды жакшы карабасаң өлүп калат. Күнүнө 2 жолу көз салып турам. Талаада чөп калбай калганда кумшекерди ээритип берүүгө туура келет. Болбосо, бал чогулта албай калышат. Түтүн чыгаруучу каражат бар, ал бал чогултууда жардам берет. Аарылар да топтогон балын дароо бере койбойт. Ошондуктан айрым учурларда түтөткүч колдонобуз. Аарылар көбөйүү убагы келгенде качышат, ошол убакта аларды качырбоо үчүн жакшы караганга аракет кылабыз. Суук түшүп, кыш келе жатканда эшиктерин тосуп камдана башташат. Ошол бойдон өздөрүнүн балы менен азыктанышып, кыштан чыгышат», - деди Таир Акбаров.

Ал карпат тукумундагы бал аарыларды багат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×