Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2019 17:03

Оштогу борбордук базарда чөнтөкчүлөргө каршы рейд өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында «Уурулуктан сак бол!» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жаңы окуу жылынын башталышына карата базарларга барып, уул-кыздарына кийим алган ата-энелердин саны көбөйүүдө. Тилекке каршы айрым ата энелер мал-чөбүн сатып, шаарга кошо ала келген акчасын жоготуп же чөнтөкчүлөргө алдырып жиберишет. Ушундай терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында Ош ШИИБдин кайгуул көзөмөл кызмат батальону тарабынан шаардагы борбордук базарда профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Милиционерлер "Уурулуктан сак бол!" деген эскертүү жазууларын көрүнүктүү жерлерге жазышып, базарга келген ата-энелерге эскертүү баракчаларын таратышты.

Ушундай эле иш-чара базардын батыш тарабындагы жашылча-жемиштерди саткан аймакта дагы жүргүзүлдү. Анткени кыям жасоо мезгилинде көптөгөн тургундар ал жерге ири суммадагы акча менен келишет», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×