Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуАраван району 28.08.2019 18:08

Жаш балдардын коопсуздугу ата-энелердин көзөмөлүнөн көз каранды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жайкы сууга түшүү мезгилинде өспүрүмдөрдүн арасындагы сууга агуу же чөгүп кетүү кырсыктарын алдын алуу — мамлекеттин жана ата-энелердин милдети. Бул тууралуу Араван районунун прокурорунун жардамчысы Н.Т.Атаканова билдирди.

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 4-беренесинде көрсөтүлгөндөй, балдардын укуктарын жана таламдарын коргоонун негизги принциптеринин бири болуп: баланын укуктарынын жана таламдарынын бузулушу, ага залал келтиргендик — мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызматкерлеринин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги экендиги көрсөтүлгөн.

«Кырсыктарды алдын алуу максатында райондук прокуратура тарабынан 2019-жылдын 27-майында акимге өспүрүмдөрдүн арасындагы сууга агуу, чөгүп кетүү фактыларын жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө сунуш жөнөтүлүп, анын натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Жаш балдардын жайкы эс алуу учурундагы коопсуздугу тийиштүү деңгээлде эместиги жана ата-энелер тарабынан көзөмөлдүн жетишсиздиги кырсыктардын келип чыгышынын бирден бир себеби. Андыктан кырсыктарды алдын алуу жана болтурбоо үчүн балдардын коопсуздугуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ата-энелер тарабынан күчөтүлгөн тартипте көнүл бурулушу керектигин билдиребиз», - деди Н.Т.Атаканова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×