Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2019 16:52 На русском

Вице-мэр мас абалда унаа башкарып, конокторду сыйлап жүргөндө кармалды

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов
Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов

Turmush -  Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовго мас абалда унаасы менен чектөө киргизилген аймакка киргени үчүн айып пул салынды. Бул маалыматты Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Социалдык тармактарга вице-мэр Жасур Азимов унаасын мас абалда башкарып, жол тескөөчүлөрү тарабынан токтотулганда тартылган видео тараган. Видеодон вице-мэр спирт ичимдигин ичкенин мойнуна алып, Ташкенттен келген конокторуна Ош шаарын көрсөтүп жүргөнүн айтканын угууга болот. Ошондой эле видеодо Ж.Азимов ЖКККБнын кызматкерлерине орой мамиле жасаганы көрүнүп турат.

Андан соң вице-мэр наркология бөлүмүнөн текшерүүдөн өтүп, үйүнө жөө кеткен. Видеодон ЖКККБнын кызматкерлери ага такси кызматынын номурун айтып жатышканын дагы угууга болот.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров окуя эс алуу күнү болгонун билдирди.

«Бул окуя 24-августта ишемби күнү болуптур. Вице-мэр Жасур Азимовдун айтымында, ал ошол күнү рулда отурган эмес. Ташкенттен келген конокторго шаардын борбордук аянтын көрсөтүп жүргөн. Видеого тарткан ЖКККБнын кызматкерлери аны шылдыңга алышыптыр. Алардын бул аракеттери туура эмес. Эгерде вице-мэр жол тескөөчүлөргө каршылык көрсөтсө, анда башка кеп. Ж.Азимов наркологияга барып текшерилген жана унаасы убактылуу айып короого киргизилген», - деди А.Абсаттаров.

Ошондой эле ал вице-мэрге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Ал эми Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Шакировдун айтымында, вице-мэрге 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

«Вице-мэр мас абалда унааны башкарып, чектөө киргизилген аймакка (борбордук аянтка кечки саат 20:00дөн кийин унаа менен кирүүгө тыюу салынган) кирип кеткени үчүн токтотулган. Биздин кызматкерлер тарабынан протокол түзүлүп, унаасы убактылуу унаа токтотуучу жайга киргизилген. Негизи мас абалда унаа башкарганы туура эмес. Бирөөнү сүзүп кетсе эмне болот?», - деди Ш.Шакиров.

Видеону бул шилтеме аркылуу көрүңүз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×