Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2019 12:07 На русском

Оштун тургуну түндө тереңдиги 8 метр болгон септикке кулап кетти (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында тереңдиги 8 метр болгон септикке кулап кеткен адам куткарылды. Бул тууралуу Ош шаардык суу чарба башкармалыгынан билдиришти.

Бүгүн, 29-августка караган түнү саат 00:06 чамасында Ош шаарынын Туран кичи районунун 1983-жылы туулган тургуну Ш.А. өз үйүнүн короосунда канализация үчүн казылып жаткан септикке кулап кеткен. Анын кесепетинен Ш.А.нын буту сынган. Жабырлануучунун жакындары окуя тууралуу өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан. Куткаруучулар Ш.А.ны чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×