Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуАраван району 30.08.2019 10:39 На русском

Түндө топ балдардын унаасына түшкөн өспүрүм кыздын окуясы эмне менен аяктады?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Араван райондук соту Жазык кодексинин 176-беренеси менен (Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо) айыпталган Бекжан, Максат, Жыргал жана Бекзатка карата (аттары өзгөртүлдү, А.у.Б., Ж.М., Э.у.Ж., А.Б.) өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучулар Араван районунун 2001-жылы туулган тургундары.

Соттун токтому боюнча, Бекжан, Максат, Жыргал жана Бекзат алдын ала сүйлөшүп алышып, ушул жылдын 10-майына караган түнү болжол менен саат 3:00 чамасында унаа менен Араван районуна караштуу С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын 2002-жылы туулган тургуну Барчынга (аты өзгөртүлдү, Э.к.Б.) жолугууга барышкан. Алар Барчынга унаа менен сейилдеп келүүнү сунуштап, кыз макул болгон. Бирок айыпталуучулар Барчындын 18 жашка чыга электигин билип туруп, Бекжан менен мажбурлап никеге тургузуу үчүн Тоо-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Шар айылына ала качып кетишкен.

Сот отурумунда Бекжан күнөөсүн мойнуна алып, Барчын менен 2017-жылы таанышканын билдирди. Анын айтымында, алар ошондон бери телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүшкөн. Окуя болгон күнү шериктери менен Барчынга жолугуу үчүн түнкү саат 00:00 чамасында Октябрь айылына унаа менен барышкан. Алар Барчынга сейилдеп келебиз деп айтып, бирок Бекжандын Ак-Шар айылында жашаган чоң энесинин үйүнө ала качып кетишкен. Ал жактан апасын чакыртып, кызга жоолук салдырган. Бирок Барчындын жакындары милицияга арыз менен кайрылышканын угуп, кызды кайра Октябрь айылына жеткирип коюшкан. Бекжан сот отурумунда кечирим сурап, жабырлануучу тарап менен жарашканын айтып, ошондуктан кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартууну суранган.

Окуя болгон күнү Бекжан менен чогуу жүргөн Максат, Жыргал жана Бекзат дагы күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жабырлануучу тарап менен жарашканын айтышты.

Ал эми Барчын сот отурумунда милицияга анын таежеси кайрылганын айтты. Ошондой эле айыпталуучуларга эч кандай доосу жок экенин билдирди. Барчындын апасы окуя болгон күнү кызы Октябрь айылында жашаган эжесинин үйүндө болгонун айтып, ал буга чейин Бекжан менен сүйлөшүп жүргөнүн тастыктады. Анын айтымында, эжеси коркконунан милицияга арыз менен кайрылган. Бирок айыпталуучуларга эч кандай доосу жок.

Жыйынтыгында сот 18 жашка чыга элек өспүрүмдү никеге турууга мажбурлоо аракети менен айыпталган Бекжан, Бекзат, Максат жана Жыргалды күнөөлүү деп таап, 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Бирок пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен айыпталуучуларды сот залынан бошотту.

Маалымат:

83-берене. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу

1. Сот беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоодо кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, анын пробациялык көзөмөлдү колдонууга берген макулдугун, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алуу менен, соттолгон адамды жаза өтөтпөстөн түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келет, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу-дем берүүчү чарасы болуп эсептелген пробациялык көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Пробациялык көзөмөл оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдарга, Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдүн жыныстык кол тийбестигине кол салууну жасаган адамдарга колдонулбайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×