Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 02.09.2019 10:12 На русском

«Салам мектеп»: Ошто жаңы окуу жылына карата рейд жүрүүдө

Turmush -  Жаңы окуу жылынын башталганына карата мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында Ош облусунун аймагында 20-августтан 20-сентябрга чейин «Салам мектеп» аталышындагы рейд өтүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө Ош ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырат. Ошондой эле Ош облусу боюнча ЖКККБ жаңы мектептин босогосун аттаган жеткинчектер жол кырсыктарына кабылган учурлар болуп жаткандыгынан улам айдоочулардан жол белгилерине көңүл бурууну суранат.

«Айдоочу, абайлаңыз, жолдо балдар! Сиздин катаңыз кимдир бирөөнүн өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×