Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуНоокат району 02.09.2019 12:42

Депутат Төрөбай Зулпукаров демилгелеген мелдештин финалында Ысык-Көл менен Ноокаттын волейболчулары беттешти. Видео

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Көтөрмө айылында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров тарабынан волейбол боюнча айыл өкмөттөр аралык мелдеш уюштурулду. Анда Ноокат районундагы бардык айыл өкмөттөрдүн курама командалары күч сынашты. Ошондой эле мелдешке Ысык-Көл облусунун «Жаңы муун» командасы да катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш 40 жашка чейинкилер арасында жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында өткөрүлгөн. Андан тышкары кыз-келиндер дагы өзүнчө күч сынашты.

Мелдешке Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев да келип, мелдешти каржылап көмөк көрсөтүп жаткан Төрөбай Зулпукаровго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын оюнчуларын ардак грамота, ыраазычылык баракчалар менен сыйлады.

«Жакында эле биздин волейбол боюнча курамабыз Азия чемпионатынын борбордук зонасында чемпион болду. Кыргызстандын чыгаан уулдары жер-жерлерде ушундай мелдештерди уюштуруп, мамлекетке салым кошуп жатышат», - деди Э.Сатыбалдиев.

Мелдештин алкагында Ысык-Көл облусунун «Жаңы муун» командасы менен Ноокат районунун курама командасы финалда беттешти. Эки команданын оюну 3-бөлүккө чейин созулуп, жыйынтыгында Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу баштаган «Жаңы муун» командасы жеңишке жетип, 40 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми Ноокат районунун курамасы 10 миң сом менен сыйланды.

Волейбол боюнча Ноокат районунун курама командасынын оюнчусу Кутман Абсаттаров мындай ири мелдештер байма-бай өткөрүлүп турарын билдирди.

«Мелдештер Төрөбай Зулпукаров тарабынан байма-бай уюштурулуп турат. Бул спорт жаатына чоң салым деп ойлойм», - деди К.Абсаттаров.

«Мүлк» мамлекеттик ишканасынын директору Тариэл Каримовдун айтымында, мелдеште жалпы 500 миң сом байге коюлган.

Ал эми мелдешке өзү дагы катышып жаткан Төрөбай Зулпукаров сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.

«Учурдан пайдаланып Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Мелдештин бүйүр кызыткан беттеши Ысык-Көлдүн "Жаңы муун" командасы менен Ноокат районунун командасынын оюну болду», - деди Т.Зулпукаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×