Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 03.09.2019 17:01 На русском

Айыл өкмөт башчы уулдары менен депутатты, анын апасын сабады, - милиция

Turmush -  Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.О. айылдык кеңештин депутаты Б.У.ну сабоого шектелип, 48 саатка камакка алынган. Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев тастыктады.

Анын айтымында, окуя 29-август күнү депутаттын үйүндө болгон.

«Уруш боюнча Кара-Кулжа РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Б.У.нун кошунасы маалымдаган. Кара-Кулжа РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барганда айыл өкмөт башчысы А.О. депутатты жана анын апасын сабаганын айтышкан.

Окуя 29-августта саат 20:30да Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи май айылында болгон. Эки тарап тең милицияга арыз менен кайрылышкан. Депутат Б.У.нун айтымында, айыл өкмөт башчы көчөнү жарыктандыруу боюнча долбоор жазып, бирок көчөнү толук жарыктандырган эмес. Ал айыл өкмөттүн ишин сынга алганы үчүн уруш чыккан.

Ал эми айыл өкмөт башчы А.О.нун айтымында, мурда Б.У. экөө бажа болушкан. Бирок депутат жубайы менен ажырашкан. Анын себебин Б.У. мурдагы бажасы — айыл өкмөт башчы менен байланыштырган.

Эки тараптын урушу алгач көчөдөн башталып, депутаттын үйүндө уланган. Айыл өкмөт башчы өзүнүн 21 жана 17 жаштагы уулдарын чакырган.

Депутаттын айтымында, айыл өкмөт башчы ага ок атуучу курал такаган. Бирок ал куралды тартып алып койгон. Б.У. айыл өкмөт башчы анын апасын да урганын айтууда.

Учурда Кара-Кулжа РИИБ тарабынан аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (ок атуучу курал колдонуу менен болгон ээнбаштык) боюнча айыл өкмөт башчыга кылмыш иши козголуп, анын баш коргоо чарасы Кара-Кулжа райондук сотунда каралып, 48 саатка камакка алынган. Ал эми анын 21 жаштагы уулу үй камагына чыгарылган. Кичүү уулу өспүрүм болгондуктан камактан бошотулган», - деди Ж.Ашырбаев.

Маалыматка караганда, депутаттын апасы 70 жашта болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×