Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 03.09.2019 15:46 На русском

24 жаштагы келиндин сөөгү кайра казылган: Кайын журту Элмиранын акыркы күндөрү жөнүндө айтып берди. Видео

Маркум Элмира
Маркум Элмира

Turmush -  Кара-Суу районунда асынып алды делген 24 жаштагы келиндин кайын атасы Арстанбек Төрөбеков үн катты. Анын айтымында, келини киши колдуу болуп өлгөн деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-сентябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

А.Төрөбаевдин айтымында, маркум келиндин ата-энеси кызы киши колдуу болуп каза болгонун айтып жатышат.

«2014-жылы келиним менен балам сүйлөшүп жүрүптүр. Бири-бириңерди жакшы көрүп жүрсөңөр мейли деп үйлөнткөнбүз. Келиниме нааразычылыгым жок. Балам экөө жакшы жашашты. Алар биз менен чогуу жашашчу эмес. Өзүнчө үй курганга жардам бергенбиз. Үйүнүн курулушу бүтүп, Жаңы жыл майрамында чогуу болгонбуз. Баарыбыздын маанайыбыз жакшы болчу. Балам дыйканчылык менен алектенет. Ар кимден үлүш жерлерди ижарага алып иштетет.

Балам окуя болгон 9-апрель күнү кечинде телефон чалды. "Ата, келиниңиз асынып алыптыр" деди. Мен түшүнбөй калдым. Кайра чалсам телефонун алган жок. Анан мен туугандарга чалып, болгон окуяны түшүндүрдүм. Баламдын үйүнө бардым, келинимдин чекесин кармап көрдүм. Жоолугун чечип, моюнун карасам кызыл так бар экен. Анан келиндин апасы да келди. Ал жолдошун чакырууну суранды. Мен Кылычка (маркум келиндин атасы) анын уулу менен кошо бардым. Баласы 2 койчу ала бар деген. Аларды алып жайлоого бардык. Кылычка болгон окуяны түшүндүрдүм. Аны менен кошо үйгө келдик. Ал келинимдин асынып өлгөнүн эч ким билбей, бул иш жашыруун бойдон калышы керектигин айтты. Баарыбыз кеңешип, Кызылгүл (аты өзгөртүлдү) кызын эмизип жатканда жүрөгү ооруп каза болду деп айтмай болдук. Эртеси акыркы сапарга узаттык. Бардык жөрөлгөлөрдү жасадык.

Окуя болгон күнү балам менен маркум келинимдин агасы чогуу бара жатышып, өз үйлөрүнө кетишиптир. Балам мал сарайдын жарыгы күйүп турганын көрүп, уй тууп жатабы деп караса келинимдин асынып турган денесин көрөт. Аны чечип алып, жасалма дем алдырып, көкүрөгүн басып көрөт. Балам аны токмоктогон эмес. Анын денесин үйгө чейин көтөрүп барганча тактар пайда болгондур. Кылычтын агасы «бизге 640 миң сом, 120 кой берсең, милицияга кайра тосмо арыз жазабыз» деп жатат. Мен ал койлорду өзүмдүн балдарыма бөлүп берем. Биз облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнө ишенбейбиз. Ошондуктан мен президентке, акыйкатчыга, премьер-министрге кайрылуу жолдодум», - деди А.Төрөбеков.

Маркум келин жана жолдошу Сүйүндүк (аты өзгөртүлдү) менен чогуу жашаган 89 жаштагы Базаргүл Ысманова келини каза болгонго чейин өзгөрө баштаганын айтты.

«Экөөбүз жакшы эле чай ичтик. Ал кыздарын мага дайындап коюп сыртка чыгып кетти. 1 сааттан кийин кайра келди. Анан кайра чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголду. Мен сыртка чыгып эки жакты карадым, таппай койдум. Намаз окугандан бери өзгөрүп, ыраңы башкача болуп жүргөн. Намаз окуганда башка көйнөгүн кийип, окуп бүткөндөн кийин чечип жүргөн. «Бул эмне болуп жатат?» деп койгом.

Азыр маркум келинимдин атасы «сени багам деп кызым өлдү» деп күнүгө үйүмө келет. Бул боюнча айыл аксакалдарына кайрылдым. Эми минтип карыганда сотко барып жатам», - деди Б.Ысманова.

Буга чейин Turmush басылмасы маркум келиндин ата-энеси кызы жолдошу тарабынан сабалып каза болгонун айтышканын жазган.

«2014-жылы 1995-жылы туулган кызымды Сүйүндүк (ысымы өзгөртүлдү) аттуу балага турмушка узаткам. Ушул жылдын 9-апрелинде күйөө баланын атасы "кызың асынып алыптыр" деп кабар жеткирип келди. Кызым акыл-эстүү, эч кимге зыяны жок, кичи пейил кыз болсо, анын мындай кадамга барганын түшүнгөн жокмун. Анын артында 3 кызы калды. Улуу кызы 4 жашта болчу. Экинчи кызы 2 жаш 6 айлык, кичүү кызы 7 айлык эле. Эл-журт, кошуналарым "асынып алыптыр" деген сөздү уккандан кийин чын эле эмне болуп өлгөнүн сурай алышпаптыр. Мен да алгачкы жолу укканда үрөйүм учуп, кызымдын өлүмүнүн себептерин тактабаптырмын.

10-апрель күнү кызымдын сөөгү жерге берилди. Арадан 20 күн өткөндөн кийин көп сөздөрдү уга баштадык. Мен Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдым. Алар "кыздын денесин экспертизадан өткөрүү керек" дешти, макул болгон жокмун. Ошентип бул иш РИИБде 1,5 ай каралды. Андан кийин Ош облустук ички иштер бөлүмүнө кайрылдык. Мурун экспертизага макул болбой жүрсөк, кийин макул болдук (келиндин денеси көмүлгөн жерден кайра казылды). Экспертизанын жыйынтыгы 20 күндөн кийин келди. Анын жыйынтыгында кызымдын 11 жеринде жаракат бар экени белгилүү болду. Аны ким жасаган? Сүйүндүк (маркумдун жолдошу) качып жүрөт. Ал кармалып, күнөөлүү же күнөөлүү эмес экени далилденсин. Ушул иштин адилеттүү каралышын жогорку бийликтин өкүлдөрүнөн суранабыз», - деген маркум келиндин атасы Кылычбек Юсупбаев.

Аталган окуя боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев келиндин денеси эксгумация болгонун (көмүлгөн жерден кайра казылган) айткан.

«Бул окуя 9-апрель күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан маркум келин асынып алган деп катталган. Ал учурда келиндин жакындары экспертизадан баш тартышкан. Кийин 21-май күнү "кызым киши колдуу болгон деген сөздөр чыгып жатат" деп каза болгон келиндин атасы райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. 3-июль күнү кайрадан каралып жаткан кылмыш иши ар тараптуу тергелсин деп ишти Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүштү. 3-июль күнү кыздын денеси көмүлгөн жерден казылып, экспертизага жөнөтүшкөн. Экспертизанын жыйынтыгы 28-июлда чыкты. Анын жыйынтыгында кыз жипке асынып өлбөй эле, киши колдуу болгону жазылган. Анын денесинде бир нече жаракаттар бар экени, мойнунда жиптин эмес, адам муунткан из бар экени жазылган.

Кокустук деген берене адам өлтүрүү фактысына алмаштырылып, кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Экинчи тараптын жактоочулары соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ишенишпей, 14-август күнү келиндин денесинин буга чейинки экспертизасын кайра комплекстүү экспертизага Бишкекке жөнөтүштү. Азыр ошол экспертизанын корутундусун күтүп жатышат. Жыйынтык чыккандан кийин мыйзамдын чегинде чаралар көрүлөт», - деген Ж.Ашырбаев.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×