Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусу, Ош 04.09.2019 16:21

Өз атасы 30 миң сомго баалаган ымыркайга ат коюлуп, документ берилди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  30 миң сомго бааланып, сатылганы жатканда куткарылган ымыркайга туулгандыгы жөнүндө күбөлүк берилди. Бул тууралуу Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаева билдирди.

Анын айтымында, ымыркай кыз учурда Ош шаардык реабилитациялык борбордо багылууда. Ымыркайга ат коюлуп, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк берилген. Ошондой эле жакында анын апасы да кызын көрүп кеткен.

Буга чейин 1 айлык ымыркайды сатууга шектелип атасы кармалып, 2 айга камакка алынган.

-------------------------------------------

Turmush басылмасы ушул жылдын 15-июль күнү Ош шаарында Өзгөн районунун 1997-жылы туулган тургуну А.А. 1 айлык кызын 30 миң сомго сатып жаткан жеринен кармалганын жазган.

Ош облустук төрөт үйүнүн маалыматына караганда, ымыркай 25-июнь күнү саат 09:30да төрөлгөн.

«Апасынын документи жок экен. Ооруканадан чыгарда Кызыл-Кыя шаарынан жашагандыгы тууралуу документтери жоголуп кеткени боюнча маалым кат алып келип, эжеси менен чыгып кеткен. Бир жумадан кийин да ооруканага келип, баласынын абалын текшертип кеткен», - деп билдиришкен ооруканадан.

Ош ШИИБден маалымдалгандай, 15-июль күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө Манас-Ата кичи районунда жашы 25-30 чамасындагы, азиат түспөлүндөгү белгисиз адам ымыркай сатуу үчүн кардар издеп жатканы боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматтын негизинде Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып, 1997-жылы туулган А.А. аттуу жигитти 1 айлык кызды башка бирөөгө 30 миң сомго сатып жаткан жеринен кармашкан. Кыздын апасы Кызыл-Кыя шаарынын 1995-жылы туулган тургуну болгон.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 171-беренеси (кишини соодалоо) боюнча катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×