Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.09.2019 18:15 На русском

Тагдыр: Апасы абакта жаткан 13 жаштагы өспүрүм жумуш издеп жүрөт. Аны таежеси камкордукка алган

Turmush -  Ош шаарында балдар үйүнөн таежесине өткөрүлүп берилген 13 жаштагы Аббос жумуш издеп жүрөт. Бул тууралуу Ош шаарынын тургуну Айжамал социалдык тармактардын бири аркылуу билдирген.

Ал кайдыгер карабаган адамдардан 13 жаштагы Аббаска жардам берүүнү суранып кайрылган. Айжамал өзү шаардагы «Келечек» базарында соодагер болуп иштейт. Ал Аббос менен «Боорукердик» балдар үйүнө барганда таанышып калганын айтты.

«Буга чейин кайрымдуулук кылуу максатында “Боорукердик” үйүнө барып балдар менен таанышып калганбыз. Кийин базарда соода кылып жатсам Аббос өтүп баратыптыр. Өзүнүн айтымында, ал мэрия тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилген. Ата-энеси кичинекей кезинде каза болуп калыптыр. “Апамдын улуту — түрк, мен кыргызмын” дейт.

Аббос таежесинин колуна өткөрүлүп берилген. Бирок таежеси да өзү жардамга муктаж болгондуктан, баланы карай албай калган окшойт. Ошондуктан бала учурда жумуш издеп жүрүптүр. Мектепке барам, формага акча чогултушум керек дейт. Бир-эки жолу атыр берип, аны сатып, пайдасын өзүңө ал десем, алдабай иштеп келди. Аббостун айтымында, учурда ал досунун үйүндө жашап жатыптыр. Досунун ата-энеси документтерди камдап беребиз, 18 жашка чыкканча үйдө жүрө берсең болот дешиптир», - деди Айжамал.

«Боорукердик» балдар үйүнүн директору Бермет Токтосунова Аббос 6 ай балдар үйүндө жашаганын, шаардык социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан Жалал-Абаддын тургуну экендиги аныкталып, ошол жакка (Жалал-Абад облусунун социалдык кызматкерлерине) өткөрүлүп берилгенин билдирди.

«Апасы тирүү, учурда абакта», - деди Б.Токтосунова.

Ал эми Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева Аббос 2018-жылы убактылуу «Боорукердик» балдар үйүнө жайгаштырылып, кийин аны таежеси Нигора Усманова алып кеткенин билдирди. Анын айтымында, бала таежесине Жалал-Абад облусунун социалдык кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп берилген.

«Адистер баланы туугандарынын кароого шарты болсо гана берет. Анын үстүнө апасы абактан чыкса, өзү багарын айткан. Баласы менен байланышып турат», - дейт Гүлзина Раева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×