Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.09.2019 15:45 На русском

Үй камагына алынган Курсан Асановдун айылдаштары кайрылуу жасашты. Видео

Turmush -  Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айылдаштары ага карата козголгон кылмыш иш токтотулуш керек экенин бүгүн, 5-сентябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Алардын айтымында, генерал К.Асанов көрө албастардын айынан кызматынын кеткен. Алар К.Асановдун мурдагы кызматына кайра дайындалышын талап кылышты.

«Курсан Асановду бала кезинен билем. Мен анын мугалими болом. Өзүнө тың, спортко кызыккан, жакшы окуган бала болчу. Өзүнүн күчү менен генерал аскердик чинин алды. Жакшы иштеди. Андан тышкары жардам иретинде жаштар ыйман жолунда жүрсүн деп бир нече айылга мечит курууга жардам берди. Эми болсо милициянын кызыкчылыгын сатты деген жүйөө менен кылмыш иш козгоп жатышат. Жакында эле гезиттердин бирине "Курсан Асанов милициянын кызыкчылыгын саттыбы же ич күйдүүлүкпү?" деген макала жарык көрдү. К.Асанов бирөөнүн айынан, ичи тардыктын, көрө албастыктын айынын кызматынан кетти. Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбековдон Курсан Асановго карата козголгон кылмыш ишти токтотуп берүүнү суранабыз», - деди мугалим Адылбек Исмаилов.

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө караштуу Правда айылынын жашоочусу Рустам Тиллебаев да Курсан Асановдун айыбы жок экенин айтты.

«Мен Курсан Асановдун аяш атасы болом. Анын мындай иштерди кылганына такыр ишенбейм. Көкүрөгүн окко тосуп, А.Атамбаевди үйүнөн алып чыкты. Азыр бир министр кетсе, ага экинчиси кылмыш иш козготот. Башкы прокурор кетсе, ага анын ордуна келгени кылмыш иши козготот. Мындай болбойт. К.Асановго кара пиар жасап жатышат. Мындан улам биз Жогорку Кеңешке кайрылабыз», - деди Р.Тиллебаев.

Аталган айылдын дагы бир тургуну Нурдин Касимов К.Асановдун 2010-жылдагы Ош окуясындагы иштерине токтолду.

«Мен Курсандын көп жакшы иштерин билем. Алардын көбүнө күбө болгом. Ош окуясында кан кечип, көкүрөгүн окко тосуп иштеген», - деди ал.

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин депутаты Жолчубай Коңурбаев К.Асановдун Кой-Таштагы иштери эрдик экенин белгиледи.

«Кайсы жерде чыр чыкса, ошол жерде К.Асанов жүрөт. Ага бирөөнүн көрө албастыгынан кылмыш иши козголду. Оор кырдаалда А.Атамбаевди тынчтандырып, үйүнөн алып чыкканы — бул чоң эрдик», - деди Ж.Коңурбаев.


Буга чейин «Баракелде» басылмасы 27-августта Биринчи май райондук соту К.Асановдун баш коргоо чарасын карап, ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары 13-октябрга чейин үй камагына алынганын жазган.

Милициянын генерал-майору Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулганы 13-августта белгилүү болгон.

----------------------

8-августта К.Асанов Кой-Ташта мурунку президент А.Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ички иштер министрлигинин расмий маалыматында К.Асанов Кой-Ташта өзүн пиарлоо менен алектенгени айтылган.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенип, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип, окуянын жүрүшүн видеотасмага тарттырганы, курал-жарактарды кармаганга болбостугуна, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала турганына, фото-видеого атайын кызматкерлер гана тарта турганына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталган. Бул анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болду», - деп айтылган маалыматта.

Кийинчерээк К.Асанов кызматынан бошотулушу боюнча билдирүү таратып, ИИМдин айыптоолоруна макул эмес экенин айтты.

14-августта К.Асанов кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, ишти Аскердик прокуратура тергеп жатканы маалым болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

08.08.2019«Генералдык сөз, эч ким тийбейт»: Курсан Асановдун Атамбаевдин өкүлдөрү менен сүйлөшүүсү. Видео
13.08.2019Курсан Асанов министрдин орун басары кызматынан бошотулду. Себеби...
13.08.2019Курсан Асановдун кызматтан бошотулушунун себеби. Толук маалымат
14.08.2019Кызматынан бошотулган Курсан Асановдун билдирүүсү
14.08.2019Курсан Асановго кылмыш иш козголду, - булактар
15.08.2019Курсан Асановдун батири тинтүүгө алынды
15.08.2019Курсан Асановдун 2015-жылдагы кирешеси жана мүлкү
24.08.2019Курсан Асановдун айдоочусу кармалды
25.08.2019Курсан Асановдун айдоочусу камакта калтырылды
27.08.2019Курсан Асанов үй камагында болот. Сүрөт
29.08.2019Курсан Асановдун уулуна издөө жарыяланды
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×