Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 07.09.2019 12:57

Ошто эс алуу багында унаа менен «сейилдеген» айдоочу миңдик акчаларды төлөмөй болду. Видео

Turmush -  Ошто эс алуу багында унаа менен «сейилдеген» айдоочу кармалды. Бул маалыматты Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, 5-сентябрга караган түнү саат 00:45 чамасында ак түстөгү «ДЭУ Матиз» автоунаасы менен «Токтогул» сейил багын аралап жүргөн айдоочуну эс алуучулардын бири видеого тартып алган. Видеодо 2 жаран сейил бакта унаа айдап жүрүшкөнүн көрүүгө болот. Аларды күбөлөр токтотууга да аракет кылып, бирок айдоочу баш бербей, качып кеткен. Ал эми бул окуя боюнча Ош шаардык ЖКККБ тарабынан автоунаа издөөгө алынып, тиешелүү иш мерчемдердин негизинде 7-сентябрь күнү кирүүгө мүмкүн эмес жол белгисине баш ийбеген И.М. аттуу айдоочу кармалып, жол эрежесин бузгандыгы үчүн 3000 сом айып пул салынды.

Айдоочу мындай кадамын жайкы кафеге балмуздак жеткирүү иш-аракети менен түшүндүргөн. Ошондой эле ал изделип жатканын билген эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×