Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 07.09.2019 16:09

Кара-Сууда вагондо окуган окуучуларга мектеп курулат

Turmush -  Интернетте талкуу болуп жаткан Кара-Суу районунун Миялы айылындагы вагон мектептин ордуна жаңы мектеп салынат. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехринса Жороева билдирди.

Анын айтымында, Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Миялы айылында 94 гана кожолук жашайт.

«Бул айылдын жогорку жагы кооптуу аймак деп табылгандыктан андагы элге башка айылдан жер берилип көчүрүлгөн. Кооптуу эмес аймакта 94 кожолук жашайт. Анда башталгыч мектеп катары вагондор коюлуп, окуучулар окушат. Жалпы 19 окуучу окуйт. Ал эми жогорку класстын окуучуларын Сарай айыл өкмөтү өз эсебинен унаа жалдап, Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Мечит айылындагы жаңы салынган орто мектепке алып барат.

Азыр Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинен 6 млн сом бөлүнүп, долбоору даярдалып жатыптыр. Ал даяр болсо, кийинки жылы 50 орундуу мектеп салынат», - деди Жороева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×