Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 07.09.2019 17:03

Ошто Комуз күнү белгиленди. Сүрөт

Turmush -  Ош шаарынын Алымбек датка атындагы эс алуу багында шаардык маданият башкармалыгы тарабынан Комуз күнүнө карата флешмоб уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага жалпысынан 300гө жакын комузчулар катышты.

«Президенттин жарлыгы менен 9-сентябрь — Комуз күнү болуп белгиленген. Ошонун алкагында бүгүн биз Оштогу жогорку окуу жайлардын мугалимдерин, студенттерин жана мектеп окуучуларын, комузчуларды топтоп, флешмоб уюштурдук. Иш чаранын максаты — улуттук аспабыбыз болгон комузду жана андан чыккан күүлөрдү элге жайылтуу, жаштарды комуз чертүүгө шыктандыруу болуп саналат», - деди Ош шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×